Маевка айылынын тургунунун үйүнөн 1 килограмм маңзат табылды

ИИМ алдындагы Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан маңзат таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мурда соттолгон Маевка айылынын жашоочусу Чүй облусунда жана Бишкек шаарында баңгизат таратуу менен алектенип келген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Шектүүнүн жашап турган үйүн тинтүү учурунда 1 килограмм героин табылган. 

Кармалган айым Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан