Бишкектин кичи райондорунун биринде белгисиз адам 49 жаштагы З.Андрейге тапанча такап, коркутуу жолу менен акчасын тартып алган. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИББи кабарлады.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБинин инспекторлору тарабынан кылмыштын изи сууй электе 40 жаштагы К.Дмитрий кармалган. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.