Ош. Араван районундагы турак үйдөн өрт чыгып, 2 кабаттуу бастырманын чатыры, 2,5 тонна жүгөрү, 4 тонна саман күйүп кетти

Ош облусунун Араван районуна караштуу Лангар айылындагы Б.Зайнабединовага таандык үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктын кесепетинен жыгач устун, шифер менен жабылган чатырдын 77 чарчы метри, 2 кабаттуу бастырманын чатыры, 2,5 тонна жүгөрү, 4 тонна саман күйгөн. Өрттүн келип чыгышына от жагуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан