Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 5-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда шифер менен жабылган эки кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Анда 350 түк жүгөрү бакалы, 50 түк беде күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.