Чүй районунда электр шаймандарын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгынан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 5-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Искра айылындагы 10-үйдүн ээси Д.Т. колго жасалган электр плитасына жыгылып, бетинен, моюнунан 3-4-даражадагы күйүк алган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.