Баткен облусунда баңгизат ташуучу эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-мартта ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунда 1985-жылы жана 1977-жылы туулган эки жаран кармалды. Алардан 5 килограмм 13 грамм героин табылды. Баңгизаттын баасы 200 миң АКШ долларына барабар экени аныкталды. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.