Гонконгдо теннисчи Мария Шарапованын сөлөкөтү тургузулат

Момдоп жасалган эмгектер орун алган Гонконгдогу музейлердин биринде орусиялык теннисчи Мария Шарапованын элеси тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда теннисчинин колунда ракетка кармаган сөлөкөтү түшүрүлүп, атүгүл Шарапова 2012-жылы теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген Франциянын ачык чемпиондугун утканда кийип ойногон кийими менен болору айтылууда.

Мария бул музейде орун алган алгачкы теннис жылдызы. Буга чейин ал жайда Дэвид Бекхэм, Яо Мин, Тайгер Вудс жана башка спортчулардын элеси болгон. Бул эмгектен соң спортчунун музейге келерине ишенишүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан