Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 6-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош облусунун Араван районунда азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Ошондой эле дүкөндүн жанындагы эки күркө дагы күйгөн.