Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы №5-үйдүн 57-батиринен өрт чыгып, үй буюмдары өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан бөлмөдөгү терезелер, эшик, 2 палас, 2 сандык жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.