Чүй облусунда мектептеги рэкетчиликке шектелип 9-класстын окуучулары кармалды

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан “мектепте рэкетчилик менен алектенген” деген шек менен 9-класстын окуучулары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Төмөнкү Ала-Арча айылынын 55 жаштагы тургуну “жогорку класстардын окуучулары 8-класста окуган баламдан акча опузалап талап кылып жатышат” деп арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, 9-класстын окуучуларын кармашты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан