Рустам Токтогуловду издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулган. Кечээ, 5-мартта да суучулдар издөө иштерине тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.
Эске сала кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.
Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.