Бишкекте уюлдук телефон уурдагандар кармалышты

Бишкекте уюлдук телефон уурдагандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 21 жаштагы М.Ыкыбал аттуу жаран кайрылган. Ал Абдрахманов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен бейтааныш балдар 3 миң сомдук “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 30 жаштагы К.Нурзат колго түшүрүлдү.

Мындан сырткары Төрт-Күл айылынын тургуну Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен, №258- маршруттук таксиден 3500 сомдук “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөкчүлөр тартып аганын айтып кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургуну Э.Дөөлөт кармалды.

Аталган фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lapochka90
2014-03-06 15:28:31
Хаа хааа мына прикол.шапка бербей койсо керекта.элдин баары билет чонтокчулорду крышасы чон кызматагы милиция экенин.типа иштеп жатабыз кылып коюштуда.кымбат телефонунду жоготуп кайрылып корсонор.табылбайт экен.табылса да милиция кызматкерлнри оздору алып коюшат экен.
+1
admin_superstan
2014-03-06 15:58:37
DAYAN - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
barsa1984
2014-03-06 17:04:56
Ачылыш!!! Соонун жаңылык экен, сүйүнүп жатам төбөм көккө жетип..))))))))))
0
tynara1983
2014-03-06 17:46:27
Россияда 8из жыл мурун иштей баштаган бизге еми жеткен турбайбы тел арзан кымбатына карабайт кодуна карайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан