КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын 2-мартта жүргүзгөн ыкчам рейди учурунда Сокулуктагы мал базардан эки текечерди сатканы жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сатуучу Т.Базаркуловго протокол түзүлүп, жандыктардын баасынын эсеби чыгарылган. Акт боюнча текечерлер Каракол шаарындагы "Бугу эне" зоопаркына өткөрүлүп берилди.