Кечээ, 5-мартта Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде “Скью” аттуу Бишкек феминисттик демилге тобунун активисттери 8-Мартка арналган маалымат-маанайшат иш-чара өткөрүшкөн. Ага 20-30дай бала келип, уюштуруучуларга тийишип, өздөрүн кызуу кандуу алып жүрө башташкан. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акция Ленин райондук башкармалыгынын уруксаты менен өтүп жаткан. Ал саат 15:00дөн 19:00гө чейин пландалган. Иш-чаранын соңунда 20-30дай бала келип, активисттерди "христианчылыкты пропаганда кылып жатасыңар" деп күнөөлөп, тийише башташкан.
“Уюштуруучулар буюмдарды жыйнап кетип баратканда балдар алардын артынан барып, буюмдарды сындырышкан. Кээ бир активисттер ур-токмокко алынышкан, айрымдары Ленин райондук сотунун имаратына жашынууга аракеттенишкен. Бирок мекеменин кызматкерлери аларды сыртка чыгарууга аракет жасашкан”,- деп айтылат маалыматта. Милиция кызматкерлери активисттерди куткарып, Бишкек ШИИББине алып кетишти.