Ош шаарында 8-Мартка карата кыз-келиндер арасында спорттук мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 6-мартта баскетбол боюнча мелдеш өтөт. Кечээ, 5-мартта Ош шаарында кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча шаардык мелдеш башталган. Ага жалпысынан 13 команда катышууда. Мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнөн 5 команда чыкса, калганы студент кыздардан куралган.