Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген айым пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген айым пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы бүгүн, 6-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, бул мекеменин кызматкери шаар тургунуна паспорт берүү үчүн андан 5500 сом талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында ИИМ жана прокуратура кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен аталган кызматкер колго түштү.

Учурда жогорудагы факты боюнча “пара талап кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген айым пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erhan
2014-03-06 16:16:23
Жакшы кабар угуп окуп качан кубанабыз???
0
Gulzhan
2014-03-06 17:07:19
5500 сомду 5500 долларга айлантышат эми ,ишти жабыш учун.
0
ZAIYR
2014-03-06 17:59:08
Эмнеге (ысымы) аты жону жазылган жок?
0
Beko87
2014-03-06 22:39:29
да ушинтип терористер алып.каалаганын кылат.анан ким жаман кыргыздар жаман.гражданин киргизи деп айкырат.
0
aibek92
2014-03-07 12:19:01
Тим эле музыкасы укмушко чоон бандаларды кармап алгансып
0
Sagidko88
2014-03-07 12:20:35
берген айлыгынар 6-7мин сом))) анан дагы кыйраткансып артынан кууп алышат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан