Айтылуу Криштиану Роналду Португалия курама командасы үчүн киргизген голдорунун санын 49га жеткирип, улуттук курама команда үчүн эң көп гол киргизген португалиялык футболчу болуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 6-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-мартта Португалия-Камерун командаларынын ортосундагы оюн 5:1 эсебинде аяктап, Криштиану Роналду 2 гол киргизди. Бул голдор менен ал улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун санын 49га жеткирди. Камерунга чейин ал голдордун саны боюнча көрсөткүчүн 47 кылып, Педру Паулета менен теңелген (ал дагы 47 гол киргизген).