Камакка алынган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков үй камагына чыгарылды

Камакка алынган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков үй камагына кечээ, 5-мартта чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Буга адвокаттын кассациялык даттануусу негиз болгон.

Чойбеков “2013-жылдын 12-июлунда К.Л. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензия берген” деп айыпталууда.

Айта кетсек, ушул жылдын 18-февралында министрдин орун басары К.Чойбеков Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 20-февралда К.Чойбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүмү боюнча айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан аны УКМКнын СИЗОсуна камоо чечими кабыл алынган.

Эске салсак, «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисинин ээси К.Чойбеков 2013-жылдын 24-июнунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beko87
2014-03-06 22:27:02
Ушу уй камагына эч тушунбоймунда.как будта эркиндик камагына бошоткондой)),
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан