Кыргызстандык бийчилер Алматы шаарында спорттук жай бий боюнча өткөн “Tarlan Cup-2014” турниринде 6 медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Кыргызстандын Бий спорту федерациясынан кабарлашты. Алар:
1. Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей жуптугу (1 алтын медаль);
2. Александр Шефлер жана Амина Надирова жуптугу (1 күмүш, 1 коло);
3. Ренат Дахер жана Оксана Рыженко жуптугу (1 күмүш);
4. Артур Богомяков жана Анастасия Иванова жуптугу (1 күмүш);
5. Давид Саламау жана Ксения Тетерева жуптугу (1 коло).
Кошумчалай кетсек, бул турнирге Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын бийчилери катышышты.