Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 6-март күнү Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсү менен Кооператив көчөсүнүн кесилишинде 1992-жылы туулган А.Жны токтотуп текшерүүгө алышканда, жанына көтөрүп жүргөн ак түстөгү каптын ичинен 1 даана Калашников автоматы, 14 даана ок табылган.
Учурда “ок атуучу куралды жана ок дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Ал эми кармалган адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.