Кирешелери тууралуу декларация тапшырбаган Түштүк-батыш бажысынын үч кызматкерине административдик чара көрүлөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, А.А., М.Д., Ш.А. аттуу кызматкерлер белгиленген мөөнөттө кирешелери боюнча декларация тапшырышкан эмес. Учурда бул иш Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, 1-мартка дейре саясий кызматты ээлеген 1616 адам жана 99 муниципалдык кызматкер өз кирешелери туурасында декларация тапшырууга милдеттендирилген.