Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугунун финалдык баскычына даярданып баштады

Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугунун финалдык баскычына даярданып баштаганын бүгүн, 7-мартта КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.  

Эске салсак, Вьетнамда өтө турган Азия биринчилиги 30-апрелде старт алып, 10-майда жыйынтыкталат. Анда Кыргызстан “D” тайпасында Япония, Өзбекстан жана Корея курама командалары менен кез келет.

Федерациядан маалымдалгандай, жакында эле курама команданын башкы машыктыруучусу алмашып, Нуржан Жетибаевдин ордун Рустам Исаев ээлеген. Жалпысынан курамга азырынча 20 футболчу чакырылган. Команда учурда 2 маал машыгуудан тышкары машыгуу залында физикалык даярдыкты чыңдап жатат. 2-3 аптадан кийин команда Ысык-Көлгө машыгуу сборуна аттанат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан