Баткендин тургуну 2 килограмм баңгизат менен колго түштү

Баткен облусунда 2 килограммдан ашык баңгизатты сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай шаарынын 23 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы кафелердин биринен баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан 2 килограмм 438 грамм гашиш табылган.

Учурда “баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан