Милиция бөлүмүнө 15 жаштагы өспүрүм арыз менен кайрылган. Ал арызында бейтааныш эки адам аны күч менен унаага түшүрүп, белгисиз жакка алып кетүүгө аракет кылгандыгын, эптеп унаадан түшүп качып кеткенин жазган. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кылмышка шектелип Новопокровка айылынын 18 жаштагы тургуну жана анын жолдошу кармалган.