Спортчу Канболот Абышка уулу оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда 7-орунду ээледи

Спортчу Канболот Абышка уулу оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 7-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кечээ, 7-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, Таиландда өтүп жаткан мелдеште ал 85 килограмм салмак категориясында “В” тайпасында кармаш жүргүздү. Жыйынтыгында жулкуп көтөрүүдө 105 килограмм, түртүп көтөрүүдө 137 килограмм көрсөткүчкө ээ болду (жалпысынан 242 килограмм). Бул көрсөткүч менен ал 7-орунду ээледи. Ал эми бул салмакта чемпиондукту камсыздаган ирандык спортчу Реза Бейранвалд жалпысынан 313 килограмм салмакты көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erhan
2014-03-08 16:53:56
Жакшы канча мамлекеттин катышуусунда болгон оюн?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан