Аксыда жеңил унаа жүргүнчүлөрү менен кошо жардан түшүп кетти

9-мартта саат 23:10до Аксыда жеңил унаа жүргүнчүлөрү менен кошо жардан түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Ак-Суу айылында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Расул Жолборсов жолдун тайгактыгына байланыштуу машинаны башкара албай, жардан түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге 6 куткаруучу барып, унааны тартып чыгарышып, жүргүнчүлөргө алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dasmond
2014-03-10 11:19:48
Кудай сактаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан