8-9-март күндөрү Чаткал районунда Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 5-7-9-чакырымдарына көлөмү болжол менен 7300 метр куб кар көчкүлөрү түшкөн. Мындан сырткары 9-мартта саат 20:00 чамасында аталган унаа жолдун 8-чакырымына көлөмү 2000 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Учурда көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулду.