Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы айдоочу Ниссан үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай калып, Фольксваген-Пассат унаасы менен кагышып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен ар кандай жаракаттарды алышкан 4 адам ооруканага жеткирилген.