Кыргызстандын оор атлетика курама командасы жаштар арасындагы Олимпиадага 1 жолдомо утту

Оор атлетика боюнча Кыргызстан  курама командасы быйыл өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына 1 жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл 16-28-август аралыгында Кытайда өтө турган жаштардын Олимпиадасына жолдомо 4-9-март аралыгында Таиландда өткөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгы аркылуу ойнотулду. Кыргызстан курама командасы 174 упай топтоп, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Жолдомо алуу үчүн алдынкы 5 орундун бирин камсыздоо керек болчу.

Таиланддагы мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандан тышкары командалык эсепте алдынкы бештикке Түштүк Корея, Индонезия, Тайпэй жана Сирия командалары кирип, жолдомого ээ болушту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muslim7
2014-03-10 12:55:17
Азаматтар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан