Ош шаарында 7-марттан
10-мартка чейин 20 кылмыш катталды. Муну Ош ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Катталган кылмыштар: уурулук, зордуктоо, алдоо жана башкалар. 3 күндө дарыны өлчөмүнөн
көп колдонуп алып 2 адам ууланды. Алар 27 жаштагы айым менен 13 жаштагы
өспүрүм.