Кыргызстандык спортчу Аделя Баизова оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль утту. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Аделя Баизова 58 килограмм салмакта күч сынашты. Ал жулкуп көтөрүүдө алгач 70, 74 килограмм, анан 76 килограмм көтөрдү. Ал эми түртүп көтөрүүдө өзүн 3 ирет сынады (86, 91 жана 94 килограмм). Жыйынтыгында анын көрсөткүчү 170 упайга жетип, коло медаль тагынды.