“Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогунун алкагында экинчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга учуп кетти

“Алай” футболдук клубунан кабарлашкандай, бүгүн, 10-мартта клуб АФКнын Кубогунун тайпалык баскычында экинчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга учуп кетти.  

Маалыматка ылайык, “Алай” Азия футбол конфедерациясынын (АФК) чечими менен 12-мартта ирактык “Эрбилге” каршы оюнун Доха шаарындагы стадиондо өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, бул “D” тайпасындагы экинчи оюндар. 26-февралда Ош шаарында орун алган беттеште “Алай” бахрейндик “Аль-Риффа” менен 0:0 эсебинде тең ойносо, ирактык “Эрбил” клубу иорданиялык “Шабаб Аль-Ордон” клубун конокто 1:3 эсебинде утуп, 3 упай менен тайпада лидерлик сапка чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KARL.MARKS
2014-03-10 17:11:09
ФК "Алай" алга...
0
muslim7
2014-03-10 17:52:07
Ийгилик акырына чейин чуркап прессинг кылсанар утасынар
0
infiniti
2014-03-10 17:56:11
Алга!!!
0
neymar.kg
2014-03-11 17:22:49
Кантип тапсам болот сайтын ?????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан