Ысык-Ата районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалды
18-февралда милицияга 33 жаштагы Люксембург айылынын
жашоочусу кайрылып, белгисиз бирөөлөр Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автомашинасын уурдап кетишкендигин билдирген. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен Чүй
облустук жол-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 20 жаштагы Ш.А. жана Т.З. аттуу жергиликтүү
жашоочулар кармалган. Бул тууралуу бүгүн, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.