Бүгүн, 11-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюнунда мюнхендик “Бавария” өз үйүндө лондондук “Арсеналды” кабыл алат. Ошондой эле испаниялык “Атлетико” менен италиялык “Милан” командаларынын ортосунда жооптук оюн болот. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, беттештер Бишкек убактысы боюнча 01:45те башталат.
Эске салсак, биринчи оюндарда “Бавария” конокто “Арсеналды” 0:2 эсебинде утуп алса, “Атлетико” Италияда өткөн беттеште “Миланды” 0:1 эсебинде утуп алган.