Орусиялык “Зенит” башкы машыктыруучусу Лучано Спаллеттини кызматынан бошотту

Орусиялык “Зенит” футболдук клубу башкы машыктыруучу Лучано Спаллеттини кызматынан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта орусиялык басылмалар кабарлашты. Анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп өткөн сезондо карьерасын жыйынтыктаган Сергей Семак дайындалды.

55 жаштагы италиялык адис Лучано Спалетти “Зенитке” 2009-жылы келген. Клуб менен 2010 жана 2012-жылдары Өлкө чемпиондугун уткан.

Сезон ортолоп калганда “Зениттин” башкы машыктыруучусу менен коштошконунун так себеби белгисиз. Көпчүлүктүн божомолуна караганда, бул УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында өз үйүндө дортмунддук “Боруссияга” уттуруп (2:4), Орусиянын чемпиондугунда өз үйүндө “Томь” менен тең чыкканы менен байланыштуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nursultan1
2014-03-11 11:03:03
tak derjai Semak
0
Evrazia.
2014-03-11 11:07:33
Эми анык уткузат чемпиондукту.
0
ai_temir
2014-03-11 11:18:51
Бул жагында да саясий оюн, алдын ала пландаштырылгандай го
0
jugorsk
2014-03-11 14:56:00
Орустардын ишенген клубу эми кимди алып келер экен тренерлике
+1
Danel
2014-03-11 15:37:25
Даа Семак мурда бир уккандай болдум эле..
0
abdi91
2014-03-12 01:50:27
Бердиевди алып келиш керек еле ошондо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан