Ош. Эркин жана грек-рим күрөштөрү боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өткөрүлөт

14-16-мартта Ош шаардык мэриясы жана Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан эркин күрөш, грек-рим күрөштөрү боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өткөрүлөт. Ага республика боюнча 800дөн ашык спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул күндөрү Ош шаарындагы «Динамо» спорт-комплексинде эркин күрөш боюнча тирештер, ал эми "Алыш" спорт-комплексинде грек-рим күрөшү боюнча кармаштар орун алат. 

Учурда иш-чараларды уюштуруу боюнча тиешелүү жетекчилер дайындалып, даярдык көрүлүүдө. Жеңүүчүлөр медалдан тышкары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан