Ысык-Көл районундагы мектептин чатыры топтолгон карды көтөрө албай урап калды

Ысык-Көл районундагы мектептин чатыры топтолгон карды көтөрө албай урап калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 10-март күнү саат 06:00 чамасында Семёновка айыл аймагында катуу шамал болгон. Анда П.Ф.Колесников атындагы орто мектептин чатырына күрткү топтолуп, натыйжада топтолгон карды көтөрө албай чатырдын 290 чарчы метри сынып түшкөн. Мектептин чатыры жыгач устундуу, шифер менен жабылган эле. Материалдык чыгым 33 410 сомду түздү.

Айта кетсек, мектеп 1976-жылы курулган. Анда учурда 726 окуучу окуйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erali
2014-03-11 21:49:36
Семёновка,Колесников ж.б Союз дале барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан