Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөөдөн өтүп жаткан Жаныбек Султанов Москвага учканы жаткан жеринен кармалды. Муну бүгүн, 11-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Тергөөдөн качып кетмекчи болгон Ж.Султанов Ош аэропортунан кармалганы айтылды. Маалыматка таянсак, Ж.Султанов - “Эйша Пасифик Ресурс ЛТД” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Жогоруда аталган ишкана убагында мыйзам бузуу иштерине барганы айтылган. Ал эми аты аталган экс-министр мыйзамсыз лицензия берүү кылмышы боюнча күнөөлөнүп жатат.