Тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын биринчилигин Бишкек курама командасы утуп алды

Тогуз коргоол боюнча 9-мартта жыйынтыкталган Кыргызстандын биринчилигинде командалык эсепте Бишкек курама командасы жеңишке жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, командалык эсепте уландар арасында Анарбек Жамакеев, Камчыбек Касымов, Кубан Сазаев, Саламат Бактыбек уулу сыяктуу оюнчулар бар Бишкек командасы финалдык беттеште Талас облусунун командасына каршы туруп, 3:1 эсебинде утуп алды. 3-орунду Ош облусунун командасы ээледи.

Ал эми кыз-келиндер арасында да жеңиш бишкектик команданыкы болду. Финалдык беттеште алар Ысык-Көл облусунун командасына бир да мүмкүнчүлүк калтырбай, 4:0 эсебинде утуп алышты. Ош шаарынын командасы 3-орунду ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан