2013-жылдын 22-июнунда Токтогулдун Арым жайлоосунан жоголгон 2009-жылы туулган
5 жаштагы Байтик Учкунбеков изделет! Бүгүн, 11-мартта
SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган Байтиктин атасы Учкунбек буларга токтолду:
"Уулум Байтикти 1 жаштан өтүп калганда атамдын инисине таштап, келинчегим экөөбүз Орусияга иштеп кеткенбиз. Башкача бала эле. Тартынбаган, сезимтал, өзүн чоң балдардай алып жүрчү.
Ошол каргашалуу күнү агам менен байланышып, "3-4 күндө апасы Кыргызстанга барат. Байтикти Бишкекке салып жибериңиздер" деп суранган элем. Алар Токтогулдун Арым жайлоосунда болчу. Эки күндөн кийин угузушту, баламдын жоголгонун. Дароо билет алып жетип келдик. Келерибиз менен милиция бөлүмдөрүнө кайрылып, издөө жарыяладык. Издөөгө ӨКМнын кызматкерлерин, жоокерлерди, тууган-туушкандарды тартып, жайлоодогу таш, суунун баарын карап чыктык. Эч кандай жик табылбады. Көзү ачыктарга чейин бардык. Баары эле сүйлөшүп алгансып "тирүү, бирөөнүн колунда" дешүүдө. Дагы бири "Ат менен жайлоодон алып түшүп, машинага салып, Аксы тарапка алып кетишкен. Айыл сыртында, кашарда жашап жатат" дегенинен таксисттерден сүрөтүн берип, чаптаттырдым.
Уулумду акыркы жолу ошол күнү бир чабан жайлоодо дөңсөөдө отурганын көргөн экен. Дагы бир окуучу кыз Суусамырдан көргөнүн айтты. Издөө салгандан кийин көптөгөн телефон чалуулар болду, "бул жерде жүрөт, менин колумда, келип алып кет" деген сыяктуу. Айткан жерине барсаң, телефонун өчүрүп салышат.
Жоголгонуна 9 айдын жүзү болду. Эч кандай жыйынтык болбой, эл-журттан жардам сурап кайрылып турган чагым. Уулум жоголгон күндөн бери келинчегим экөөбүздүн ичкенибиз ириң, жегенибиз желим болуп, көз жашыбыз токтобойт. Уулум Байтикти көрүп-билгендер болсо, бизге кабарлап койсоңуздар. Сөзсүз сүйүнчүсү болот!"- дейт көзүнө жаш алган ата.
Байланыш телефону: 0772 888295, Учкунбек Шаймерденов.