Панфилов районунда унааны тоногондор кармалды

Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кайыңды шаарында унаадан баалуу буюмдар уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн белгисиз бирөөлөр Эмгек көчөсүндө токтоп турган унаанын терезесин сындырып, автомагнитофонун, запастагы дөңгөлөгүн жана дөңгөлөк желдеткичин уурдап, жабырлануучуга жалпысынан 5 миң сомдук зыян келтиришкен. 

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип Киров айылынын 22 жаштагы тургундары кармалып, буюмдар ээсине кайтарылып берилген. Учурда шектелгендерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан