Кечээ, 11-мартта орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук оюндарында “Бавария” лондондук “Арсеналды”, мадриддик “Атлетико” италиялык “Миланды” мелдештен четтетип, чейрек финалдык жолдомолорду илип кетишти. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мюнхендик “Бавария” өз үйүндө лондондук “Арсеналды” кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыгуу катталды. 2 оюндун жыйынтыгында жалпы 3:1 эсебинде (алгачкы оюнда 0:2 эсебинде “Бавария” уткан) утуп, өткөн сезондун чемпиондору чейрек финалга жолдомо алышты.
Мадридде өткөн беттеште испаниялык клуб “Атлетико” италиялык “Миланды” кабыл алып, 4:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Алгачкы оюнда миландыктар өз үйүндө 0:1 эсебинде уттуруп жибергенин эске алсак, “Атлетико” жалпысынан 5:1 эсебинде жеңишке жетишип, чейрек финалга чыкты.
“Бавария” (Германия) – “Арсенал” (Англия) 1:1
Голдор: Бастиан Швайнштайгер (55-мүнөт), Лукаш Подольски (57-мүнөт).
“Атлетико” (Испания) – “Милан” (Италия).
Голдор: Диего Коста (3-мүнөт), Кака (27-мүнөт), Арда Туран (40-мүнөт), Рауль Гарсия (71-мүнөт), Диего Коста (85-мүнөт).