АФКнын Кубогунда бүгүн Кыргызстандын чемпиону “Алай” ирактык “Эрбил” менен беттешет

Бүгүн, 12-мартта Кыргызстандын футбол боюнча 2013-жылдагы чемпиону “Алай” АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынын 2-турунда Ирактын чемпиону “Эрбил” клубу менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган клубдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “D” тайпасында орун ала турган бул беттеш эки клубга тең тиешеси жок болгон майданда, тагыраак айтканда, Катардын Доха шаарында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Эске салсак, “Алай” тайпадагы алгачкы оюнун 26-февралда Ош шаарында бахрейндик “Аль-Риффага” каршы өткөрүп, 0:0 эсебинде тең чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
acer11
2014-03-12 11:28:47
Алай командасына ийгилик болсун.
0
Egen.Osh
2014-03-12 13:06:38
КТР корсотот бекен же аны корсоткону да акча спонсор жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан