Кечээ, 11-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жашаган О.Каримбердиевдин жер төлөсүндөгү 500 түк жүгөрү бакалы күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ӨКМнын Ош облусу боюнча басма сөз катчысы Ыкыбал Абдираимова билдирди.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.