Москва районунда турак жайы жок адам уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, “10-мартта бейтааныш жигиттер эшиктин кулпусун бузуп үйгө кирип, баалуу буюмдарды жана 19 миң сомду уурдап кетишкен” деп Сретенка айылында турган 49 жаштагы айым милицияга кайрылган.
“Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектелген адамдардын бири кармалды. Ал турак жайы жок адам экендиги белгилүү болду. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга отургузулду”,- деп маалымдады Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.