Бүгүн, 12-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук оюндар орун алат. Анда каталондук “Барселона” англиялык “Манчестер Ситини” кабыл алса, франциялык ПСЖ өз үйүндө германиялык “Байер” менен кез келет.
Оюндардын сааттары:
01:45. “Барселона” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия)
01:45. ПСЖ (Франция) – “Байер” (Германия)
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы алгачкы оюндар 18-февралда өткөн. Анда “Барселона” конокто “Манчестер Ситини” 0:2 эсебинде утса, франциялык ПСЖ конокто “Байер” клубун 0:4 эсебинде утуп алган.