Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Анатолий Власичев казакстандык “Окжетпес” клубу менен 1 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, футболчу 2013-жылкы сезондо “Спартак” (Семей) клубунун курамында Казакстандын Биринчи Лигасында ойногон. “Спартак” бул сезондун жыйынтыгы менен Премьер-лиганын командаларынын катарына кошулган. Ал эми Анатолий кароодо жүргөн “Окжетпес” клубу Биринчи Лигада оюн көргөзөт.