Ош шаардык прокуратурасы мамлекеттик кызматта иштеген адамга пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү органдарга Ош шаардык паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн башчысы кайрылган. Анда А.А. аттуу жаран каза болгон баласынын атына паспорт алуу үчүн 500 доллар сунуштаганын айткан.
Ошол күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалган. Анын жанында 27 миң сом болгон. Учурда “пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.