Панфилов районунда бейбаштыкка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Панфилов районунда бейбаштыкка шектелип 31 жаштагы жаран кармалдыБул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 34 жаштагы Е.Манасбек кайрылган. Ал 3-мартта саат 17:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бейтааныш жигит ур-токмокко алганын айткан. 

Ур-токмокко алуу фактысы боюнча “ден соолукка атайылап зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Панфилов РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды колго түшүрүштү.

Учурда анын аталган кылмышка тиешеси бар же жоктугу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан