Орусиянын Новосибирск облусунда 17 жаштагы кыргызстандык келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайынын төрөтканада каза болушунун себеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, наристенин мээси чайкалган жана бул анын өлүмүнө себеп болгон. Анын денесинен эч кандай жаракат табылган эмес.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 27-февралында аталган шаардагы №6-төрөт үйүндө Кыргызстандын 17 жаштагы жараны дени сак бала төрөгөн. Бирок кийинки күнү ымыркайдын кан басымы көтөрүлүп, ал кыркырап дем ала баштаган.
Наристе шашылыш түрдө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок 4-мартта ал каза болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.